Binance капчыгы деген эмне?

Binance капчыгы деген эмне?

Баштапкы
Жарыяланган Nov 9, 2023Жаңыртылган Dec 14, 2024
5m

Негизги жыйынтыктар

  • Binance капчыгы – санарип активдер үчүн инновациялык капчык, ал мобилдик колдонмо менен веб-версияларда ыңгайлуулук, коопсуздук, пайдалуулук жана блокчейн аркылуу соода кылуу функцияларын бириктирет.

  • Капчык мобилдик түзмөктө көп тараптуу эсептөө (MPC) технологиясы, ал эми вебде Ишенимдүү аткаруу чөйрөсү (TEE) менен Secure Auto Sign (SAS) кызматы аркылуу транзакцияларга ылдам жана коопсуз кол коюу үчүн күчөтүлгөн коопсуздукту сунуштайт.  

  • Кроссчейн токен свопторун жүргүзө аласыз, Binance көпүрөгө кирип Борборсуздаштырылган каржы жана Dapp платформаларын изилдей аласыз, ошондой эле блокчейн аркылуу соода кылып жана портфелди талдай аласыз. Мунун баары 24/7 бою атайын кардарларды колдоо кызматынын жардамы менен жүргүзүлөт.

Binance капчыгы деген эмне?

Binance капчыгы – бул колдонуучуга багытталган криптовалюталык капчык болуп, ал Binance колдонмосуна интеграцияланган жана Binance капчыгы (Веб) деп аталган компьютердик веб версия түрүндө да жеткиликтүү. Ал колдонуучуларга борборсуздаштырылган каржы (DeFi) жана блокчейн аркылуу соода кылуу тармагында мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет. 

Мобилдик капчык активдерди башкарууга, блокчейндерде токен свопторун коопсуздандырууга, DeFi кызматын колдонууга жана Seed сүйлөмүсүз капчык түзүүнүн жеңилдигине басым жасайт.  

Веб-версиясы жогорку ылдамдыктагы жана маалыматка бай блокчейн аркылуу соода кылуу тажрыйбасын камсыз кылууга багытталган жана портфелди талдоо, токендерди көзөмөлдөө жана социалдык жаңылыктар сыяктуу өнүккөн функцияларды сунуштайт.  

Ал кантип иштейт?

Мобилдик капчыктын коопсуздугу: MPC 

Binance капчыгынын мобилдик колдонмосу көп тараптуу эсептөө (MPC) технологиясын колдонот. Ал өркүндөтүлгөн криптографиялык жактан коргоо системасы катары жеке ачкычтарды бир жерге сактоо зарылдыгын жокко чыгарат.

Капчык MPC технологиясы менен үч «бөлүштүрүлгөн ачкыч» түзүп, алар капчыгыңызда, булуттагы сактагычта жана түзмөгүңүздө өзүнчө сакталат. Бул бөлүштүрүлгөн ачкычтар сиз гана билген калыбына келтирүүчү сырсөз менен кошумча корголот.

Веб капчыктын коопсуздугу: SAS

Binance капчыгы (Веб) Ишенимдүү аткаруу чөйрөсүндө (TEE) транзакцияларга тез жана натыйжалуу кол коюуга мүмкүндүк берүүчү Коопсуз автоматтык колтамга (SAS) деп аталган жаңы ыкманы колдонот. 

Бул ишенимдүү үчүнчү тараптын провайдери тарабынан башкарылуучу, коопсуз жана обочолонгон аппараттык чөйрө болуп, анда жеке ачкычтар корголгон бойдон калып, колдонуучулар толугу менен өз алдынча сактоо жана башкарууга ээ болуусу менен бирге, соода кылууну автоматташтыруу коопсуз түрдө жүргүзүлөт.

SAS технологиясы транзакцияларды кайра-кайра мобилдик колдонмодон тастыктабай эле тез жана ыңгайлуу ыкма менен авторизациялоого мүмкүндүк берет. Сеанстар 7 күнгө созулуп, ар бир жаңы буйрутма менен автоматтык түрдө жаңыртылат же кол менен кайра авторизациялоодон өтсө болот.

Binance капчыгынын негизги өзгөчөлүктөрү

Колдонууга жеңил

Binance колдонмосу аркылуу болгону бир нече секунддун ичинде Binance капчыгын түзө аласыз. Башка криптовалюталык капчыктардан айырмаланып, Binance капчыгын орнотуу менен капчыкты пайдаланууну кыйла жеңилдетип, seed сүйлөмү же жеке ачкычтар жөнүндө тынчсыздануунун зарылдыгы болбойт.

  • Мобилдик: Binance колдонмосу аркылуу бир нече секундда Binance капчыгын түзөсүз жана seed сүйлөмү же жеке ачкычтарды кол менен башкаруунун кереги жок.  

  • Веб: Binance капчыгын колдонгон учурдагы колдонуучулар Binance колдонмосунан QR кодду сканерлеп, бат эле кире алышат – кошумча каттоо талап кылынбайт.

Ыңгайлуулук

Binance капчыгы Binance көпүрө жана башка кызмат көрсөтүүчүлөр менен үзгүлтүксүз байланышкандыктан, ар кандай блокчейндер ортосунда токен свопторду атаандаштыкка жөндөмдүү көрсөткүчтөр менен жеңилдетет. Колдонуучулар ошондой эле Dapp'ты изилдеп, болгону бир нече чыкылдатуу менен пайданы жарата алышат.

Веб-версия тренддеги токен тизмелерин, Binance Alpha токендерин, мем-коин статистикасы үчүн Meme Rush'ты, баалары жана диаграммалары менен токендер тууралуу кеңири маалыматты, капчык жана социалдык трекерлерди, портфелди жана позицияны башкаруу функцияларын колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.  

Коопсуздук

Binance капчыгы маанилүү коопсуздук функцияларын, анын ичинде туура эмес даректерден коргоо жана зыянкеч болушу мүмкүн болгон акылдуу келишимдерди аныктоо функциясын сунуштайт. Транзакциялар жүргүзүлгөндө, капчык токен же блокчейнде коопсуздук тобокелдиги бар болсо, колдонуучуну эскертет.

  • Мобилдик колдонмо: көп тараптуу ачкычтын аманатын камсыз кылуу үчүн MPC технологиясын колдонот.

  • Веб колдонмо: TEE чөйрөсүндөгү SAS технологиясы жеке ачкычтарды обочолоп коюп, кол коюу укуктарын коопсуз жол менен берүүгө шарт түзөт.

Өз алдынча сактоо жана башкаруу

Эки версия тең колдонуучуларга санарип активдерди толук өз алдынча башкарууга мүмкүндүк берип, активдер коопсуз технологиялар менен шифрленген жана колдонуучу тарабынан башкарылган сырсөздөр менен корголот.  

Кардарларды колдоо

Колдонуучулар бардык платформаларда атайын уюштурулган 24/7 кардарларды колдоо кызматына ээ болуп, коопсуз жана үзгүлтүксүз иштөө тажрыйбасын алышат.

Binance капчыгын кантип колдонуу керек

Binance эсебиңизге Binance колдонмосу аркылуу кирип же компьютердик блокчейн аркылуу соода кылуу үчүн Binance капчыгы (Веб) баракчасына өтүңүз.

Мобилдик

1. Binance аккаунтуңузга кирип, экрандын жогору жагындагы [Капчык] бөлүмүнө өтүңүз.

binance капчыгынын мобилдик колдонмосуна кантип кирсе болот

 

2. Андан соң баштоо үчүн [Капчык түзүңүз] же [Капчыкты импорттоңуз]. Колдонуудан мурун капчыгыңыздын резервдик көчүрмөсүн сактап, калыбына келтирүүчү сырсөздү коюңуз.

binance капчыгын түзүү же импорттоо

3. Binance капчыгыңыздын резервдик көчүрмөсүн сактоо тууралуу кенен маалымат алуу үчүн төмөнкү баракты караңыз: Binance капчыктагы ачкычсыз дарек деген эмне жана эмне үчүн анын резервдик көчүрмөсүн сакташым керек?

Веб

1. Binance эсебиңизге кирип, жогорку менюдан [Соода кылуу] > [Борборсуздаштырылган биржа] баракчасына өтүңүз.

binance капчыгынын веб версиясына кантип кирсе болот

2. Андан соң Binance мобилдик колдонмоңузду колдонуп, Binance капчыгынын веб версиясында коопсуз автоматтык кол коюуну иштетип коюңуз.

binance капчыгынын веб версиясындагы SAS аутентификациясы

3. Болгону ошол. Binance капчыгынын веб версиясын колдонууга даярсыз.

binance капчыгынын веб интерфейси

Вебдеги блокчейн аркылуу соода кылуу үчүн коопсуз автоматтык колтамга (SAS) авторизациясы 7 күнгө жарактуу болуп, соода кылуу аракети менен автоматтык түрдө жаңыртыларын эске алыңыз. Эгер 7 күн бою активдүү эмес болсо, кайра авторизациядан өтүү талап кылынат.

Маанилүү эскертүү

Binance капчыгы (Веб) аркылуу блокчейнде жүргүзүлгөн соода кылуу борборлоштурулган биржадагы соода кылууга караганда жогору тобокелдиктерди камтыйт. Соода кылуунун алдында колдонуучуларга Binance капчыгын колдонуу эрежелерин кылдаттык менен карап чыгуу сунушталат.

Андан ары окуу

Жоопкерчиликтен баш тартуу: Binance капчыгы ыктыярдуу өнүм болуп саналат. Бул өнүм сизге ылайыктуу экенин аныктоо сиздин милдетиңиз. Binance үчүнчү тараптын колдонмолоруна (анын ичинде Binance капчыгына киргизилген функцияларда) кирүүңүзгө же колдонууңузга жооптуу эмес жана мындай үчүнчү тараптын колдонмолорун колдонуу менен байланыштуу эч кандай жоопкерчиликти моюнга албайт, анын ичинде, сиз талашып жаткан транзакциялар да камтылат, бирок муну менен гана чектелбейт. Binance капчыгын колдонуу эрежелерин кылдаттык менен карап чыгыңыз жана ар дайым өз алдынча изилдеп жүрүңүз.