Негизги корутундулар
Диаграмма үлгүлөр – бул тренддин мүмкүн болгон өзгөрүшүн же уланышын аныктоого жардам берген техникалык талдоодогу баа түзүмдөрү.
Алар үч негизги категорияга бөлүнөт: өзгөрүүнүн үлгүлөрү, тренддин улантуу үлгүлөрү жана эки тараптуу үлгүлөрү.
Бир дагы диаграмма үлгү белгилүү бир натыйжага кепилдик бербейт; аларды башка куралдар жана тобокелдиктерди туура башкаруу менен айкалыштырып колдонуу гана соода кылууга негизделген чечимдерди кабыл алууга жардам берет.
Диаграмма үлгүлөр деген эмне?
Криптовалютанын үлгүлөрү – бул соодагерлер соода мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо үчүн техникалык талдоонун (TA) бир бөлүгү катары колдонгон шам диаграммаларында кайталанып туруучу баа түзүмдөрү. Алар сатып алуучулар менен сатуучулардын убакыттын өтүшү менен калыптанган жалпы жүрүм-турумун чагылдырат, ал эми базардын көпчүлүк катышуучулары бир эле түзүмдөрдү тааныгандыктан бул моделдер өзүн-өзү бекемдөөчү сигналдарга айланат.
Эсиңизде болсун, бир дагы үлгү ишенимдүүлүктү камсыз кылбайт. Диаграмма үлгүлөр ыктымалдуулукка негизделген көрсөткүч катары гана жакшы иштейт, ал эми алардын ишенимдүүлүгү базардын абалына, убакыт алкагына жана соода көлөмүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн.
Криптовалюта диаграмманын үч түрү
Классикалык диаграмма үлгүлөрүнүн көбү үч категориянын бирине кирет:
Reversal patterns suggest the current trend may be running out of momentum and could change direction.
Continuation patterns indicate the price is taking a brief pause before potentially resuming in the same direction.
Bilateral patterns reflect market indecision: the price could break out in either direction.
Өзгөрүүнүн үлгүлөрү
Өзгөрүүнүн үлгүлөрү, адатта, тренддин аягында пайда болот жана рыноктун багыты өзгөрүшү мүмкүн экенинен кабар берет.
Кош чокусу
A double top forms when the price reaches a similar high twice without breaking higher on the second attempt. It's considered a bearish reversal pattern, typically confirmed when the price falls below the support level between the two peaks (the neckline).
Кош түбү
The double bottom is the mirror image of the double top. The price holds a similar low twice before moving higher. It's considered a bullish reversal pattern, typically confirmed when the price breaks above the resistance level between the two troughs.
Баш жана ийиндер
Баш жана ийиндер үлгүсү үч чокудан турат: бийик борбордук чоку («баш») жана анын эки жагындагы андан төмөнүрөөк жайгашкан эки чоку («ийиндер»). Моюн сызыгынан ылдый карай жабылуу –бул чокулардын ортосундагы ойдуңдарды бириктирип турган колдоо деңгээли адатта аюу сигналы катары каралат.
Тескери баш жана ийиндердин үлгүсү
Тескери баш жана ийиндер ошол эле түзүлүшкө ээ, бирок ал тескери жайгашкан. Бул үлгү үч ойдуңдан турат, алардын эң тереңи ортосунда жайгашат. Моюн сызыгындагы каршылык деңгээлинен жогору карай жарып өтүү, баанын өсүү трендине карай өзгөрүшү мүмкүн экенин билдирет.
Өсүүчү шынаа
Өсүүчү шынаада баа эки биригүүчү тренд сызыктарынын ортосунда өйдө карай жылат, мында эки сызык экөө тең өсүшөт, бирок төмөнкү сызык жогоркусуна караганда тик өсөт. Баанын өйдө карай жылышына карабастан, диапазондун тарышы сатып алуучулардын кысымы азайып жатканын билдириши мүмкүн жана бул үлгү адатта аюунун үлгүсү катары каралат.
Тренддин улантуу үлгүлөрү
Тренддин улантуу үлгүлөрү, адатта, негизги тренддин ичиндеги кыска тыныгуу учурунда калыптанат жана баа өзүнүн мурунку багытын улантууга даярданып жатканын билдириши мүмкүн.
Бука желеги
Бука желеги баанын кескин жогору карай жылышынан (желектин сабы) кийин, баанын кыска мөөнөткө же бир аз ылдый карай биригүү «желек) менен калыптанат. Желектин жогорку чегинен өйдө карай жарып өтүү, өзгөчө соода көлөмүнүн өсүшү менен коштолсо, өсүү трендинин уланышынан кабар бериши мүмкүн.
Аюу желеги
Аюу желеги – бул бука желегинин карама-каршысы. Ал баанын кескин төмөндөшүнөн кийин, кыска мөөнөткө биригүү менен (желек) менен калыптанат. Желектин төмөнкү чегинен ылдый карай жарып өтүү төмөндөө трендинин уланышынан кабар бериши мүмкүн.
Вымпел
Вымпел желекке окшош, бирок андан айырмасы – биригүү фазасында тренд сызыктары бири-бирине жакындап (биригип), кичинекей үч бурчтукту түзөт. Бука» жана «аюу» вымпелдеринин экөө тең болот жана жарып өтүү багыты, адатта, ушул үлгүгө чейинки баанын кыймылынын багытын кайталайт.
Өсүүчү уч бурчтук
Өсүүчү үч бурчтук түз горизонталдуу каршылык сызыгы жана өсүүчү төмөнкү тренд сызыгы менен мүнөздөлөт. Сатып алуучулар ар бир баа артка кайткан сайын улам жогорураак деңгээлдерде киришип, каршылык зонасына кысым көрсөтүшөт. Бул деңгээлден жогору карай жарып өтүү бука сигналы болушу мүмкүн.
Төмөндөөчү үч бурчтук
Төмөндөөчү үч бурчтук тескери болот: түз горизонталдуу колдоо сызыгы менен төмөндөөчү жогорку тренд сызыгынын айкалышы. Баанын ар бир кайра калыбына келиши улам төмөнүрөөк чекитте токтоп, колдоо деңгээлине болгон кысымды күчөтөт. Бул колдоо сызыгынан ылдый карай жарып өтүү, адатта, аюу сигналы катары каралат.
Төмөндөөчү шынаа
Төмөндөөчү шынаада баа ылдый карай багытталган эки биригүүчү тренд сызыгынын ортосунда төмөндөйт. Диапазон тарыган сайын, сатуу кысымы көбүнчө басаңдайт. Бул үлгү, адатта, бука модели катары каралат, анткени импульс алсыраган сайын жогору карай жарып өтүү ыктымалдыгы жогорулайт.
Эки тараптуу үлгүлөр
Эки тараптуу үлгүлөр кайсы бир багытка так артыкчылык бербейт жана жарып өтүү каалаган тарапка кетиши мүмкүн. Аларды чечмелөөдө соода көлөмү жана жалпы базар тенденциясы өзгөчө маанилүү.
Симметриялуу үч бурчтук
Симметриялуу үч бурчтук төмөндөөчү жогорку тренд сызыгы жана өсүүчү төмөнкү тренд сызыгы бириккенде калыптанат. Ал сатып алуучулар менен сатуучулардын ортосундагы тең салмактуулукту чагылдырып, басым кайсы бир багытка так багытталбаганын көрсөтөт. Жарып өтүү багыты соода сигналын берет жана ал көбүнчө үлгү калыптанганга чейинки тренддин багыты менен дал келет.
Криптовалюта диаграмма үлгүлөрү: Кыскача маалымдама
Криптовалютанын диаграмма үлгүлөрүн колдонуу
Криптовалюта базарларында диаграмма үлгүлөрдү колдонууда бир нече пркатикалык жайгдайлар:
Соода көлөм маселелери Чыныгы жарып өтүү, адатта, көлөмдүн өсүшү менен коштолот. Төмөн же азайып жаткан соода көлөмүндөгү жарып өтүү анча ишенимдүү болбошу мүмкүн.
Жалган жарып өтүүлөргө көңүл буруңуз. . Криптовалюталык базарлар үлгү чегинен кыска убакытка чыгып, кайра артка кайткан кыска мөөнөттүү кыймылдарга жакын. Деңгээлден тышкары шамдын жабылышын күтүү (кыска мөөнөттүү фитиль), жалган сигналдарды азайтууга жардам берет
Убакыт алкактары ишенимдүүлүккө таасир этет. Төрт сааттык же күндүк графиктер сыяктуу узунураак убакыт алкактары кыскараактарга караганда ишенимдүүрөөк үлгү сигналдарын берет.
Combine with other tools. Диаграмма үлгүлөрү кошумча көсөткүчтөр жана ар бир соодадагы тобокелдикти аныктоо үчүн так белгиленген стоп-лосс буйрутмалары менен бирге колдонулганда эң жакшы натыйжа берет.
Корутунду ойлор
Крипто-графикалык үлгүлөр техникалык анализдеги эң көп колдонулган куралдардын бири болуп саналат, бирок алар кеңири ыкманын бир бөлүгү катары колдонулганда гана эң жакшы натыйжа берет. Бир дагы үлгү белгилүү бир жыйынтыкка кепилдик бере албайт – базардын шарттары, соода көлөмү жана контекст үлгүнүн кандай ишке ашарына таасир этет. Тобокелдиктерди туура башкаруу аркылуу үлгүлөрдү талдоону жана кошумча көрсөткүчтөр менен айкалыштыруу көбүрөөк негизделген чечимдерди кабыл алууга өбөлгө түзөт.
Кошумча окуу үчүн материалдар
Жоопкерчиликтен баш тартуу: Бул мазмун сизге жалпы маалымат берүү жана билим берүү максатында гана «кандай болсо, ошондой» негизинде, эч кандай билдирүүлөрсүз же кепилдиктерсиз берилген. Бул каржылык, юридикалык же башка профессионалдык кеңеш катары каралбашы керек, ошондой эле кандайдыр бир конкреттүү продуктту же кызматты сатып алуу сунушу катары эсептелбейт. Сиз тиешелүү кесипкөй кеңешчилерден өз алдынча кеңеш алышыңыз керек. Эгерде мазмун үчүнчү тарап тарабынан сунушталган болсо, анда айтылган пикирлер ошол тарапка таандык экенин жана Binance Academy'нин көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбай тургандыгын эске алыңыз. Санариптик активдердин баасы туруксуз болушу мүмкүн. Инвестицияңыздын баасы төмөндөшү же жогорулашы мүмкүн жана сиз салган суммаңызды кайтарып албай калышыңыз ыктымал. Инвестициялык чечимдериңиз үчүн сиз гана жооптуусуз жана Binance Academy сиз дуушар болушу мүмкүн болгон эч кандай чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт. Кошумча маалымат алуу үчүн биздин Колдонуу шарттарыбызды, Тобокелдиктер жөнүндө эскертүүнү жана Binance Academy шарттарын караңыз.